Connect with us

Сеулда өткөн туркомпаниялардын көргөзмөсүндө Кыргызстан баш байгени утту

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 447 | 0

Кореянын борбор калаасы Сеул шаарында KITS TOURISM SHOW 2022 аталышындагы туристтик компаниялардын көргөзмөсүндө Кыргызстандын делегациясы баш байгени утуп алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

11-августта башталган көргөзмөгө Кыргызстандан 5 туристтик компаниясы катышкан. Аларды Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, Кыргыз туризм фондунун президенти Елена Калашникова жетектеп барып, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова коштоп жүргөн.

Көргөзмөдө Корея жана башка мамлекеттер менен түз байланышка чыгып, туристтик багытта келишимдерди түзүү менен бул жаатта кызмат көрсөткөн компанияларды ишин жылдыруу максатталган.

Иш-чарага Кыргызстандын, Кореянын, Тажикстандын, Омандын, Колумбиянын, Шри-Ланканын, Мальтанын туристтик компаниялары өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн.

Белгилей кетсек, кызыл түстө жасалгаланган кыргыз павильонунда руханий өзгөчөлүктү, кооз жаратылышты, улуттук каада-салт менен тамак-ашты, меймандостукту чагылдырган тасмалар, сүрөттөр жана буюм-тайымдар коюлган.

Андан тышкары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын баяндамалар жасалып, келгендерге материалдар таратылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM