Биз менен байланышыңыз

Ошто мас абалында таанышын өлтүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 318 | 0

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталып, изи сууй электе шектүү жаран аныкталган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

12-август түнкү саат 23.30 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Ош шаарынын 1964-жылы туулган И.К. аттуу тургуну оор абалда жеткирилип, жаратынын оордугуна байланыштуу ооруканада каза болгон. Маркумдун денесин кароо учурунда анын сол көкүрөгүндө миздүү буюмдан алган жараты аныкталып, көп кан кеткен.

Кылмыштын бектин ачуу боюнча Ош шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан оперативдүү иш-чаралар аткарылып, оор кылмышка шектүү катары кечээ, 14-август эртеӊ менен саат 05.00 чамаларында маркумдун таанышы 1961-жылы туулган Ө.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен маркум мурда тааныш болушкан.

Эки жаран 12-август күнү Ош шаарындагы «Винт» бильярд клубунда жолугушуп, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Бильярд клубунан чыгышып, шектүүнү үйүндө алкоголь ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Андан соӊ мушташып кетишкен. Натыйжада шектүү Ө.А. өз унаасынан бычак алып чыгып, маркумдун сол жак көкүрөгүнө бычак сайып жиберген.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилерине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан сырткары тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM