Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус болот.