Биз менен байланышыңыз

Бир жумада коронавирустун жаңы 527 учуру катталды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 336 | 0

Кыргызстанда 8-августтан 14-августка чейин COVID-19дун жаңы 527 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 389 жаран амбулатордук дарыланууда болсо, 138 жаран ооруканага жактырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 7 ай 14 күнүндө жалпысынан коронавирустун 20 миң 450 учуру катталган. Анын ичинде 18 миң 436 (90,2%) учуру лабораториялык түрдө жана 19 миң 94ү (9,8%) клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган.

Copyright © 2017 Maral FM