Биз менен байланышыңыз

Сегизбаев «Жетим-Тоо» тууралуу видеосу боюнча сурак берген

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 225 | 0

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев суракка чакырылып, тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп берген соң кайра үйүнө кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Абдил Сегизбаев Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев интернетте жарыялаган видео боюнча чакырылган.

Абдил Сегизбаев кечээ, 14-августта интернетте тараган видео 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында тартылган видео экендигин, андан бери эч кандай постторду же видеолорду жарыялабагандыгын айтып берген.

Анын айткандары толугу менен текшерилип, учурда тергөөгө тиешелүү иш чаралар уланууда.

Эске салсак, Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев кечээ, 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM