Биз менен байланышыңыз

ИИМ Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши боюнча үн катты

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 403 | 0

Бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлиги «Полит Узник» баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиевдин аталган баракчага жарыялаган маалыматы боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Маалыматка караганда, «Полит Узник» баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылып, Фейсбукта тараткан Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн берген.

Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоо учурунда тартылгандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, ИИМдин тергөө кызматы «Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео «Жетим-Тоо» кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгын байкаган.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык-) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM