Биз менен байланышыңыз

«Учитель» чокусунан түшүп келе жаткан альпинист дайынсыз жоголгон

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 651 | 0

Кыргызстанда альпинист Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына маалымат келип түшкөн.

Жерине ӨКМдин Эдельвейс куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишкен.

Куткаруучулар «Хижина Рацека» альпинисттердин лагерине барып, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштерин жүргүзүшкөн эмес.

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM