Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жумада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 163 | 0

Акыркы бир жумада республикада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эң көп жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбаган жол эрежесин бузуу катталып, алардын саны 5 миң 256га жеткен.

Мындан сырткары төмөндөгүдөй жол эрежесин бузуу фактылары катталган:

  • транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3519;
  • транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 203;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5151;
  • транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
  • Автоээнбаштык – 8;
  • жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1010;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 81;
  • жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5256;
  • айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 47;
  • мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 267;
  • унаа токтотуучу жайга коюлду – 875.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жалпы айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү экендигин эскертет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM