Биз менен байланышыңыз

«Полит узник» баракчасынын администратору 48 саатка камалды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 341 | 0

Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кечээ, 14-августта суракка чакырылган. Суракка чакырууга анын ошол эле күнү «Полит узник» баракчасы аркылуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялаганы себеп болгон.

Андан соң Ырыс Жекшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Кечээ УКМКнын мурадыгы төрагасы Абдил Сегизбаев дагы милицияга суракка чакырылгандыгы айтылды.

Эске салсак, кечээ, 14-августта президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кени боюнча кайрылуу жасаган. Анда кен казылбай тургандыгын айтып, бул боюнча туура эмес маалыматтарды таратып жаткандарга укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM