Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчиге мигранттар менен жолугушуу өткөрүү тапшырмасы берилди

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 667 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен кечээ, 13-августта жолугушкан. Жолугушууга Орусиядагы элчи айымдын келбеши чогулгандарды нааразы кылган.

Алар Фесбуктан президентке кайрылуу жолдошуп, «Орусия 3-сентябрга чейин чек арадан чыгып кетүүгө жеңилдик бергенин айтышып, 3-сентябрдан кийин мигранттардын абалы кандай болот, массалык депортация жасашабы?» деген суроо салышып, бул маселени мамлекеттик деңгеелде чечип берүүсүн суранышкан.

Бүгүн, 14-августта Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү элчиликтердин алдына мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча милдет коюландыгы айтылган.

Мындан сырткары Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык элчиликтери жана консулдуктары кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү каралганы белгиленген.

Буга байланыштуу Орусиядагы Кыргызстандын жарандары тарабынан көтөрүлгөн маселелер боюнча элчилик менен кошумча консультациялар өткөрүлө тургандыгы кошумчаланган.

Мындан сырткары, министрлик Кыргызстандын Орусиядагы элчисине кыргыз диаспоралары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү боюнча жеке тапшырма берген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын, биринчи кезекте Орусиядагы жарандардын укуктук абалына такай көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM