Биз менен байланышыңыз

Президент «Жетим-Тоо» темир кени боюнча кайрылуу жасады

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 1091 | 0

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кени боюнча кайрылуу жасады.

Анын билдирүүсүндө, социалдык түйүндөрдө «Жетим-Тоону» «коргогучтар» элге кайрылуу кылып, өздөрүн «баатыр» көрсөтүп, элди «көтөрүлгүлө» деп чакырык жасап жатышканы айтылат.

«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо «Эгер «Жетим-Тоону» 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет» деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр «Жетим-Тоону» иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет» , — деди ал .

Президент ошондой эле эгерде «Жетим-Тоо» иштетиле турган болсо,  100 пайыз мамлекет иштете тургандыгын, эч кимге үлүш катары берилбей тургандыгын айтып, бирок учурда аны иштетүүгө бийлик даяр эмеситин белгилеген.

Жапаров учурда жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактоо үчүн «Кыргызгеология» кызматкерлери иш жүргүзүп жатышканын айткан.

Мындан сырткары президент «Жетим-Тоону» иштетип-иштетпөө боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин, бул эл менен макулдашылып гана чечилээрин кошумчалаган.

Кайрылуусунун аягында президент туура эмес маалыматтарды таратып жаткандарга укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM