Быйыл 7 айда алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 425 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу ички дүң продукциянын көлөмү 7,7%га өскөн.
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын 7 айында ИДПнын көлөмү 393 миллиард сомду түзүп, 4,7%га өстү.