Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов Венгрияда гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 156 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты.

Маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу курултайдын алкагында концерттик программа тартуулашты.

Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп, ата-баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады.

Жаманкуловдун айтымында, улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү мезгил талабы.

Курултайда илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM