Биз менен байланышыңыз

Жарым жылда азык-түлүктүн баасы 12,6%га кымбаттады

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 195 | 0

Быйыл 6 айда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 %га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 5,6 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы 4,9 %га өстү.

Мындай өсүү республиканын бардык аймактарында байкалган.

Муну менен бирге баалардын (14,4 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM