Биз менен байланышыңыз

«Аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында баяндама даярдалат»

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 229 | 0

Акыйкатчы аппараты Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында альтернативдүү баяндама даярдап жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан кабарлашты. Баяндама Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен менен даярдалууда.

Атыр Абрахматова ушул багытта иштеп жаткан «Шанс», «Сезим» кризистик борборлору, Балдардын укугун коргоочулар лигасы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, баяндама боюнча маселелерди талкуулады.

Баяндама укук коргоо тармагына реформа жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөп бараткан көйгөйүн коомчулукка жеткирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Акыйкатчы менен зомбулуктан жапа чеккендерге психологиялык, юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлордун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдар даярдалып жатканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM