Биз менен байланышыңыз

Дамир Алыбаев ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы болду

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 306 | 0

Кечээ, 13-августта Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы колбашчы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Дамир Алыбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалды.

Дамир Алыбаев 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында Куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылган. 2008-жылы ИИМдин Академиясын жана 2012-жылы Орусиянын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.

Кызматтык ишин 2001-жылы ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган жана 2019-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2019-жылдын июлунда ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчынын орун басары – штаб начальниги болуп дайындалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM