Биз менен байланышыңыз

«Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 14 Авг 2022 | 661 | 0

Президент Садыр Жапаров «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты банк иштери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү жана системалаштыруу, ички карама каршылыктарды жоюу жана банк мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу болуп саналат.

Мыйзам банк иштерин жүзөгө ашыруудагы маселелерди, банктарды түзүү, реструктуризациялоо, жоюунун тартибин, ошондой эле банктык сырды камтыган маалыматты берүү тартибин жөнгө салат.

Мындан тышкары, мыйзам менен банктык көзөмөлдү, аудитти жүргүзүүнүн, банкты финансылык жактан чыңдоонун, банктарга колдонула турган таасир этүүчү чаралардын укуктук негиздерин аныктайт.

Copyright © 2017 Maral FM