Биз менен байланышыңыз

Германия кыргызстандык ишкерлерди окутат

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 182 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлигинин департаментинин директору Доминик Шнихельс менен 11-августта жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы логистика жана энергетика жааттарындагы ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдап, ал долбоорлорду ишке ашырууда герман тарапты катышууга чакырды.
Доминик Шнихельс ушул жылдын 13-июнунда Бишкекте болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форуму жана ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташууну жигердетүүгө жакшы өбөлгө түзгөнү тууралуу айтып, герман тарап Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты жигердетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ошону менен бирге, Шнихельс Герман өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын ишкерлерин Германияда окутуу программасы мындан ары да уланаарын жана кеңейерин маалымдады.

Андан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты жигердетүү жолдорун жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу ой-пикир бөлүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM