Биз менен байланышыңыз

Илгиз Шаменов президентке кайрылуу жасады (видео)

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 151 | 0

«Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан активист Илгиз Шаменовдун унаасынан кечээ, 11-августта граната табылган. Бирок азыркыга чейин ал кол салуу аракети боюнча кылмыш иши ачыла электигин айтып, Фейсбук баракчасы аркылуу президентке кайрылуу жасады.

Ал президентке болгон кайрылуусунда коопсуздугун коргоп берүүнү суранган.

«Эмнеге ал кол салуу аракети боюнча кылмыш иши ачыла элек. Бул жакта саясий оюндар болуп жатабы? Эмнеге укук коргоо органдары унчукпай отурат. Мен өзүмдүн, бир туугандарымдын, үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн сарсанаа болуп жатам. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиз Конституциянын гаранты катары менин, үй-бүлөмдүн, бир туугандарымдын коопсуздугун камсыздап бериңиз. Мен сизден ушуну суранам жана талап кылам», — деди Шаменов.

Ошондой эле ал социалдык тармакта «унаасына гранатаны өзү коюп алган» деп каралап жаткандарга кайрылып, укук коргоо органдарынын анын койбогондугун аныктап чыгууну суранды.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-августта болжол менен саат 14:00дө «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына граната коюлганы аныкталып, тиешелүү органдардын өкүлдөрү чакырылган. Андан соң Шаменов Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында 5 саат сурак берип чыккан. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM