Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде 13,4 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 216 | 0

Бүгүн, 12-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 44 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун агып келиши секундасына 563 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 428 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM