Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда 244 мектептин директору алмашат

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 481 | 0

14-16-августта Ош облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү өтөт. Бүгүн, 12-августта Ош мамлекеттик университетинде бардык техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунда 244 мектепте директордун кызмат орду бош.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM