Connect with us

Ошто 350 жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 389 | 0

Бүгүн, 12-августта Ош облусунда министрлер кабинетинин «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» токтомунун ишке ашуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы Зиядин Жамалдинов Ош облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылууга, турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик потенциалдарынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө багытталган бул токтомдун аткарылышы боюнча жер-жерлерде эл менен түшүндүрүү иштеринин активдүү жүргүзүлүшүн жана турмушка ашырылышын катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле чакан бизнес долбоорлорду тандоодо үй-бүлөнүн жашоо шартынын абалына, ишти андан ары алып кетүү мүмкүнчүлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүдө түзүлгөн комиссиялардын так, адилет иш алып баруулары зарыл экендигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM