Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы пара алып кармалды

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 328 | 0

Жалал-Абад обласунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. пара алып кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

4-августта Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсине которулган акча каражатын опузалап алып койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Сузак районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM