Биз менен байланышыңыз

Ташиев жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 243 | 0

Бишкекте Жаза аткаруу кызматынын Коргоо жана коштоо департаментинде жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов, президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Жанузаков, юстиция министри Аяз Баетов жана Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев катышты.

Иш-чаранын алкагында аскер кызматкерлердин аскердик парады, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо, техниканы көрсөтүү менен жаңы унаалардын ачкычын тапшыруу, «Келечек» мамлекеттик ишканасы чыгарган ар кандай буюмдардын көргөзмөсү, Коргоо жана коштоо департаментинин аймагындагы клуб жана музей, ЖАКтын окуу борбору менен таанышуу пландалган.

Кыргызстандын жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнү жыл сайын 12-августта 2003-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM