Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир катар көчөлөрү бир тараптуу болот (тизме)

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 742 | 0

Бишкектин айрым көчөлөрүндө бир тараптуу кыймылга байланыштуу бир катар коомдук транспорттун каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда. Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине унаажолдордун жогоруда аталган участоктору боюнча шаардык каттамдарды кайра карап чыгуу тапшырылды.

Ошентип, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

  • Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
  • Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
  • Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

Бул чаралар жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, аварияны азайтуу, тыгын маселесин чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM