Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуясы: Кылмыштын курамы жоктугу боюнча расмий чечим чыкты

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 956 | 0

Кечээ, 11-августта 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин кылмыштык курамы жок деп расмий чечим чыгып, өкүм күчүнө кирди. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Молдокматов билдиргендей, ал аталган кылмыш ишине шектелип абакта 271 күн отурган. Ошондой эле ал саясий күрөштө колдоп турган саясатчыларга, активисттерге жана элге ыраазычылык билдирген.

Мындан сырткары, ал соттун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев, «Социал демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдорду акталышы менен куттуктаган.

Ушул жылдын 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өтүп, отурумдун жыйынтыгында судья окуянын бардык айыпталуучуларын актаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM