Биз менен байланышыңыз

Имановдун «Документтердин электрондук версиясы» боюнча кайрылуусу (видео)

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 166 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргызстанда биринчи жолу расмий документтердин электрондук версиясы чыкты. Ага карата министрлик электрондук документтердин укуктук статусун аныктоо боюнча долбоорду коомдук талкууга койду. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, учурда сыноо режиминде паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо күбөлүгү, пенсионерлердин күбөлүгү жана вакцинация боюнча сертификатты электрондук түрү жеткиликтүү.

Мыйзам долбоору санариптик документтин статусун кадимки документтин аналогуна теңдөө болуп саналат. Буга чейин долбоор пилоттук түрдө ИИМ менен биргеликте ишке ашкан.

Документтердин санариптик версиясынын негизги артыкчылыгы – колдонуунун ыңгайлуулугу жана убакытты үнөмдөө болуп саналат. Расмий документтердин электрондук версиясында коопсуздук каралган.

Санариптик документти колдонуу үчүн төмөнкү баскычтардан өтүңүз:

— калкты тейлөө борборунда сизге таандык электрондук кол тамганы бекер алуу;
— App Store же Play Market’тен Tunduk тиркемесин жүктөп алыңыз;
— электрондук цифралык кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кириңиз:
— анда «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүңүз;
— документтин түрүн тандоо жана бөлүшүү;
— телефондун экранында пайда боло турган пин-кодду жазыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM