Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ок атышкандарга «бейбаштык» беренеси менен иш козголду

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 836 | 0

Бишкек шаардык милициясына 7-августта Карманск көчөсүнөн белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу барып, ал жерден белгисиз маркадагы тапанча жана 1 даана гильза табышкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта эки тарап чырдашып, ок атышкан видео тараган болчу.

Бишкек шаардык клиникалык оорукананын алдын ала берген маалыматы боюнча, ок атышуудан 38 жаштагы эркек киши оң санынан оор жараат алып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM