Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Камил Рузиевдин кылмыш иши боюнча тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 173 | 0

Акыйкатчы укук коргоочу Камил Рузиевге карата кылмыш ишинин уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Каракол шаардык сотунда Кылмыш кодексинин (мындан ары КР ЖПК) 2017-жылдагы редакциясынын 359-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан укук коргоочу Камилжан Рузиев байланыштуу кылмыш иши каралып жатат.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты ал кармалып жана эркиндиги чектелген жайга киргизилгенден баштап жана иштин материалдары сотко өткөнгө чейин Камилжан Рузиевдин укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүздү. Азыркы тапта соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Рузиевдин мыйзамга каршы аракети мындай болгон: «2020-жылдын 24-январында ал Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 24- январындагы токтомдоруна даттануу үчүн процесстик мөөнөттөрдү өткөрүп жибергенин негиздөө үчүн Ысык-Көл облустук «Балалык» медициналык медициналык борборунан жасалма маалымдама алууну чечип, 2020- жылдын 2-мартында медайым таанышына кайрылат. Медайым Рузиевдин өзүнүн пайдасы үчүн сот органдарын адаштырууга багытталган туура эмес чечимине макул болуп, 2020- жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарыланууда болгон деген жасалма маалымдаманы 2- мартта жазып берет. Текшере келгенде Рузиевдин амбулатордук картасында амбулаторлук дарылануудан өткөнү боюнча эч кандай жазуу жок болуп чыккан.

Акыйкатчы Камил Рузиевге байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши боюнча тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине төмөнкү негиздер боюнча негизсиз баа берилген деп эсептейт:

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмү башында эле Рузиевге 2020-жылдын 2-мартында берилген маалымдама расмий документ экендигин аныктаган эмес. Мамлекеттик органдардын расмий адамдарынын келип чыккан укуктук мамилелер боюнча жарандарга болгон иш-аракети так жөнгө салынуусу керек жана колдонуудагы мыйзамдарга шайкеш келүүсү зарыл. Ошентип, КР ЖПК 359-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясы «Расмий документти атайы жасалгалап колдонуу» кылмышы катары эсептелерин көрсөтөт. Андай болсо Рузиевдин иши боюнча маалымдама 2017-жылкы редакциядагы КР КЖК 24-тиркемесинин 1-пунктунда каралган маалымдама ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан берилиши керек жана талап кылынган форма жана мазмунга жооп бериши зарыл деген расмий документке коюлган талаптарга кантип ылайык келбейт. Аталган талаптар Өкмөттүн 28.02.2012-жылдын 28-февралындагы 152- токтому менен бекитилген. Дарылоо-алдын алуу мекемелерде убактылуу ишке жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча көрсөтмөдө да каралган. Медайым тарабынан берилген жана жогорудагы талаптарга жооп бербеген маалымдама расмий документ катары саналышы мүмкүн эмес. Ошентип, Рузиевге карата ал тарабынан расмий документти жасалгалап колдонуу жөнүндө айыптоо позициясы негизсиз деп эсептейбиз.
  • Өзүнүн көрсөтмөсүндө айыпталуучу медайым 2020-жылдын 2-мартында Рузиевге медициналык маалымдаманы бергендигин, амбулатордук дарылоонун күнүн 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин Рузиевдин айтуусу боюнча жазгандыгын билдирет. Рузиев медициналык мекемеге ал 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарылоодо болгондугу тууралуу документ берүү өтүнүчү менен кайрылып, маалымдама алган. Андан ары, ал маалымдаманы оорунун кесепетинен өзүнүн ишке жарамсыздыгын тастыктап сотко өткөргөн.

Иштин материалдарында көрүнүп тургандай, жогоруда айтылган окуялардан улам тергөө органдары мыйзамга ылайык, ден соолугунун абалын текшерүү, оорунун жагдайлары жана оору, ишке жарамсыздыгы тууралуу расмий документти толтуруу жоопкерчилиги өзүнүн абалы тууралуу кайрылган адамда эмес, медициналык кызматкерде экендигине объективдүү баа берүүлөрү керек эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM