Биз менен байланышыңыз

Текебаев Германияга виза алууну жеңилдетүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 694 | 1

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбор Азия» бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Матиас Фоллерт менен 10-августта жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара визиттерди уюштуруу жана биргелешкен иш чараларды өткөрүү талкууланды.

Өмүрбек Текебаев БУУнун алкагында Кыргызстандын демилгелери тууралуу, атап айтканда «2022-жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо жана «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер» тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, элчи ушул жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында боло турган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме тууралуу маалымдап, герман тарапты иш-чарага активдүү катышууга жана Кыргызстандын демилгелерин колдоого чакырды.

Ошону менен бирге элчи Өмүрбек Текебаев консулдук чөйрөдөгү маселелерди да көтөрүп, германиялык тарапка Кыргызстандын документтерин легалдаштыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле Германиянын Кыргызстандагы элчилигине виза алуу үчүн кайрылган кыргыз жарандарына тез арада документтерди тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүү өтүнүчү менен кайрылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Кадыралиева чолпон бишкек

    13.08.2022 13:47

    Омурбек Черкешович ишинизге ийгилик!виза боюнча женилдиктер болсо абдан жакшы болот эле пенсионерлер да жер коруп эс алып келишет эле

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM