Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургда кыргызстандык аял баласын сатууга аракет кылган

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 122 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургда Кыргызстандын жараны өз баласын сатууга аракет кылган факты боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.

Министрликтен кабарлашкандай, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү менен жолугушкан. Ал кармалган жаран Кыргызстандын жараны экенин билдирген. Аялга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала социалдык мекемеге жайгаштырылган.

«Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле Кыргызстандын шектүү жаранына адвокат жана котормочу дайындалып, консулдук-укуктук колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле 11-пвгустта жабык сот отурумунда анын баш коргоо чарасы каралган», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Екатеринбургда карызынан улам баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалганын Орусиянын басылмалары жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM