Биз менен байланышыңыз

«Баалуу металдар жана асыл таштар жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 140 | 0

Президент Садыр Жапаров «Баалуу металдар жана асыл таштар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү, баалуу металлдар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, ошондой эле зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзамда:

 Зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү, тактап айтканда, өлкөдө өндүрүлгөн бардык күмүш зергер буюмдарын, ошондой эле, ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө экспорттоого арналган зергер буюмдарын милдеттүү түрдө белгилөөдөн бошотуу;

 аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө Өкмөттүн жана Улуттук банктын артыкчылык укугу жөнүндө ченемдерди;

 баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле укуктук боштуктарды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу;

 баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү мыйзамдарды колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле укуктук боштуктарды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу;

 баалуу таштарды ташып келүүдө жана ташууда мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу багытында тиешелүү жаңы нормаларды киргизүү каралган.

Мындан тышкары баалуу  металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүүгө, зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM