Биз менен байланышыңыз

«Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан активисттин унаасынан граната табылды

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 2156 | 0

Бүгүн, 11-августта түшкө маал Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кенинин казылуусуна каршы кыймылдын мүчөсү Илгиз Шаменовдун унаасынан жардыруучу зат табылды.

Ал «Азия Молл» соода борборундагы унаа жуучу жайлардын бирине токтогондо, унаанын астында зым жерге тийип жүргөнү байкалган, ал зым менен жардыруучу зат байланган болгон.

Ошол замат Илгиз Шаменов милиция кызматын чакырган. Илгиз Шаменовдун унаасында 6 жашар кызы жана бухгалтери чогуу болгон. 

Илгиз Шаменов бул окуядан кийин өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы чакырылып, врачтардан жардам алган. Ал бул ишти «Жетим-Тоо» темир кенинин казылуусуна каршы чыккандыгы үчүн саясий мотив деп эсептөөдө.

Учурда Шаменов Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында. Ишти тергөөчү Урмат Токтогонов карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM