Биз менен байланышыңыз

Баткенде директорлорду тандоо сынагынан 60 талапкер өттү

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 2102 | 0

Бүгүн, 11-августта Баткен облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тестирлөөгө Баткен облусунун аймагынан жалпы 147 талапкер катышты.

Жыйынтыгында босого баллдан 60 талапкер өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.

Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку упайга ээ болду. Жалпысынан Баткен облусу боюнча мектеп директорлугуна 98 бош орун бар.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун тандоо сынагы Баткенден башталууда, 19-20-август күндөрү Чүй облусунда талапкерлерди сынактык тандоо өткөрүлөт. Андан соң 22-августка Талас облусунда тестирлөөнү өткөрүү пландалууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM