Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу: Кытайлык адистер Жалал-Абадга келди

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 480 | 0

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун Жалал-Абад аркылуу өтүүчү бөлүгүн изилдөө иштери башталат. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жазына чейин темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси толук даяр болот. Азыркы учурда ага карата тийиштүү аракеттер жүргүзүлө баштады.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын долбоорлоо жана изилдөө институтунан келген адистер менен жолугушту.

Кырктан ашуун атайын адистер үч ай аралыгында облустагы темир жол өтүүчү аймактарды тактап, геологиялык чалгындоо иштерин алып барышат.

Эксперттер кытай-кыргыз-өзбек темир жолун жалпы Борбор Азия үчүн экономикалык-стратегиялык мааниси чоң экенин айтышат. А бирок 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз жүзүндө гана калып келет. Бул жолу президент Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ин менен болгон жолугушуусунда тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM