Биз менен байланышыңыз

Импорттук товарларга навигациялык пломбаларды колдонуу долбоору ишке кирди

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 171 | 0

Салык кызматы Министрлер кабинетинин ушул жылдын 5-августундагы тескемесине ылайык, автомобил ташууга жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден өлкөгө ташылып келүүчү товарларга байкоо жүргүзүү үчүн контролдук пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук  долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Пилоттук долбоор ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында ишке ашырылууда жана 2023-жылдын 31-январына чейин иштейт.

Контролдук пломбаларды коюу Салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми навигациялык пломбаларды коюу Эл аралык автомобилдик ташуучулар бирикмеси менен биргеликте жүргүзүлөт.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тобокелдикке багытталган ишкерлердин транспорт каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларында контролдук пломбалар акысыз негизде орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM