Биз менен байланышыңыз

УКМК Акыйкатчыны Низовскийдин иши боюнча пиардан алыс болууга чакырды

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 270 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Акыйкатчы институтун Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин иши боюнча пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырган билдирүү таратты.

УКМКдан билдиришкендей, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн. Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган. Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

«Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын  үй камагына өзгөртүү чечими кабыл алынган» , — деп айтылат маалыматта.

УКМК тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырган.

Ошондой эле УКМК мыйзамга ылайык Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүн атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына жана тергөө абагына тоскоолдуксуз киргизип жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, 9-августта №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалып, бир күндөн кийин  үй камагына чыгарылган. Низовский кармалгандан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жолугушууга барышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM