Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда мурдагы күйөөсү аялга зомбулук көрсөткөн

Кыска кабар | 11 Авг 2022 | 500 | 0

Кызыл-Кыя шаардык милициясына мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ноокат районунун 33 жаштагы Б.А. аттуу тургуну Кызыл-Кыя милициясына келип, ушул жылдын 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы «Таштемир-Ата» борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. аттуу тургуну коркутуп алып барып, уруп, денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып баргандыгын даттанып, арыз менен кайрылган.

Бул факт Кызыл-Кыя милициясына Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя милициясы тарабынан кылмышка шектүү жаран Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 9-августта кармалып, Кызыл-Кыя милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM