Биз менен байланышыңыз

«Манас ордонун» кызмат адамдары 20 млн сомду максатсыз пайдаланышкан

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 654 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгында Улуттук «Манас ордо» комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Аудиттик текшерүүдө 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча ашыкча төлөнүп берилгени аныкталган.

Мындан тышкары тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө, «Манас ордо» комплексинин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан.

Натыйжада комплекстин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 млн 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп,  тергөө жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM