Биз менен байланышыңыз

Алайда 3 жашар наристени тууганы сабап жүргөн

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 1166 | 0

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылында үч жашар наристени тууганы сабап салган. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова кабарлады.

Ал Акыйкатчы институтунан окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, укуктук баа берүүнү талап кылды.

«Баланын ата-энеси ажырашып, апасы Бишкекке иштегени кеткен. Бала тууганынын колунда калган. Алдын ала маалымат боюнча, баланы аёсуз сабап жүргөн, денесинде күйүк бар», — деди Турдубекова.

Укук коргоочу буга байланыштуу президентти, министрлер кабинетинин төрагасын, Жогорку Кеңештин депутаттарын Балдар кодексинин жаңы редакциясын колдоого чакырды.

Акыйкатчы: Тууганы сабаган баланын окуясы териштирилет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM