Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Өрт чыккан мончо комплекси мыйзамсыз ачылган

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 256 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы Салиева көчөсүндөгү өрт чыккан мончо комплекси боюнча текшерүү жүргүздү. Анын натыйжасында айтылган даректеги 5 мончо И.Д.М. аттуу жаранга кабыл алуу тууралуу тастыктамасы, тиешелүү долбоору жана курууга уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.

Беш жеке турак жайдын курулушу бүткөнү боюнча тастыктаманы муниципалдык кызмат адамдары жасалма жол менен беришкен. Анын негизинде «Бишкек башкы архитектура» мекемеси жер тилкенин багытын мыйзамсыз өзгөртүп, архитектуралык-техникалык корутунду негизсиз иштелип чыккан.

Мончо комплекси мыйзамсыз иштегени үчүн өрт коопсуздугу так сакталбай, адам өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирилген.

Бул факты боюнча «Бишкек башкы архитектура» жана муниципалдык инспекциянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматынан кыянат пайдалануу) боюнча иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ошондой эле райондук прокуратура тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мурда берилген архитектуралык-техникалык корутундуну жокко чыгаруу менен мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талап киргизилди.

Бишкекте 31-майда «Статус» мончосунан өрт чыккан. Анын кесепетинен 320 чарчы метр чатыр жана буу бөлмөсү өрттөнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM