Биз менен байланышыңыз

Бизнеске уруксат кагаздарын бир эле жерден алыңыз

Блог , Экономика | 24 Июн 2022 | 2277 | 0

Эми бизнес жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча бардык маалымат бирдиктүү электрондук порталда болот.

Кыргызстанда бизнес баштаган адам уруксат кагаздарын же лицензия алууда бир топ кыйынчылыктан өтөрү белгилүү. Кээ бир ишмердүүлүктү баштоо үчүн уруксат кагаздарын алууну айлап күткөндөр бар.

Экономика министрлиги бул көйгөйдү чечүү максатында уруксат кагаздарынын бирдиктүү электрондук маалымат порталын иштеп чыкты.

Ал мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы байланышты азайтат деген максат коюлууда.

Бирок бул портал тууралуу көп ишкерлердин маалыматы жок болгондуктан 24-июнда министрлик менен ишкерлердин жолугушуусу уюштурулуп, портал жөнүндө түшүндүрүп беришти.

Уруксат документтеринин бирдиктүү порталы абдан керек

Гулина Турганова — билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырган «Сынак» ЖЧКсынын өкүлү, жаш ишкер. Ал документ иштерин бүтүрүүдө санариптештирилген шарттар зарыл деп эсептейт. Себеби процедура татаал болгону үчүн көпчүлүк ишкерлер мындан качат. Ишкер убактысын үнөмдөө үчүн электрондук маалыматтарды пайдаланышы керек.

— Ар бир мамлекеттик органдардын сайты бар, бирок бирдиктүү платформа болгону аябай жакшы. Себеби иш баштоо үчүн кандай документтердин тизмеси керек экенин ар кайсы органга чуркабай, бир эле жерден маалымат алган ыңгайлуу. Биз санариптештирүүгө, электрондук кызматтарды колдонууга өтүшүбүз, коомчулукту ушуга көндүрүшүбүз керек. Бул убакытты үнөмдөйт. Министрлик иштеп чыккан портал абдан жакшы түзүлүптүр, бирок кемчиликтери да көп экен, толуктап иштөө керек экен.

Уруксат кагазын алууда өзүбүз туш болгон жагдайды айтып берейин, Билим берүү министрлигинен бир уруксат документин алуу үчүн беш айлап күттүк. Анан биздин долбоордун актуалдуулугу да кетип калды. Ушундай учурлар көп болот.

Өкмөт ишкерлерге жеңил шарттарды түзүүдө…

Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте иштеп чыккан маалыматтык портал бул сыяктуу көйгөйдү чечүү үчүн түзүлгөн.

Уруксат кагаздарынын бирдиктүү электрондук реестри – уруксаттарды алуунун укуктук, процедуралык жана каржылык аспектилери боюнча толук маалыматты камтыган база.

Реестр жеке жана юридикалык жактарга бизнес жүргүзүү үчүн эң кыска мөөнөттө онлайн режимде керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө реестрде 160ка жакын уруксат кагазы боюнча маалыматтар камтылган жана маалымат базасы толукталып жатат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев экономиканын ар кандай секторлоруна санариптик технологиялар киргизилип жатканын белгиледи.

Бул платформа да мамлекет менен бизнестин ортосундагы санариптик мамилелерге өтүү аракети.

— Ишкерлер уруксат документин алуу үчүн тигил же бул мамлекеттик органга барып, кагаздарды топтоп, же кайсы документти алышы керек экенин билбейт. Азыр электрондук маалымат порталында лицензия, салык справкалары, уруксат кагаздары — баары тууралуу маалыматтар бар. Ишкер офисинде отуруп алып эле кайсы документ зарыл экенин билип алса болот. Мисалы, курулушка лицензия алуу үчүн эмне документ керек? Бүт документтердин тизмесин көрүп, мамлекеттик органдардан анализ кылынгандан кийин лицензия ала берет.

Азыр порталдын таанытымын жасадык, кайсы бир кемчиликтери болсо сунуштарды, өзгөртүүлөрдү киргизип, маалымат базаны толуктаганга мүмкүнчүлүк бар.

Министрдин айтымында, кийинчерээк бул портал электрондук түрдө уруксат документтерин, лицензия бере турган платформага айланат.

Ишкерлер бюрократиядан тажады

Уруксат кагаздарынын бирдиктүү электрондук реестрин иштеп чыгууга ЖИА бизнес ассоциациясы да көмөктөшкөн. Аталган биримдиктин аймактык кеңешинин мүчөсү Гүлнара Сатыбалдиева бюрократия менен коррупциялык көрүнүштөр ишкердиктин натыйжалуу өнүгүүсүнө дайыма тоскоолдук жаратып келгенин айтат. Уруксат кагаздарынын бардык түрү боюнча керектүү маалыматтар камтылган реестрдин жоктугу, ошол эле учурда уруксат кагаздарынын көптүгү чоң тоскоол болчу.

— Бирдиктүү реестрдин жоктугунан берилген лицензияларга көзөмөл кылуу, инвентаризация жасоо, кандай колдонулуп жатканына мониторинг кылууга да мүмкүн болбой келген. Мындай жагдайлар лицензия алууда туура эмес атаандаштыкты пайда кылат. Ошол себептен уруксат кагаздарын берүүнүн жолдорун санарип шарттарга ылайыктоо керек.

Биз билгендей, лицензия берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, лицензия жана уруксат кагаздарынын бирдиктүү базасы иштелип чыгышы каралган.

Эми бул порталды мындан ары да өнүктүрүп туруу керек, программалык документтер учурдун талабына ылайык улам өзгөртүлүп, толукталып турушу керек.

Маалыматтын аздыгы алданууга туш кылат

Жеке ишкер Мэлс Эркинбек бул маалыматтык портал бизнес кылгандарга пайдалуу болот деген ишеничте. Себеби ал да ишин баштаганда маалыматтын жоктугу тоскоолдук жараткан.

— Ишкердин эң чоң проблемасы – маалыматынын жоктугу. Бир нерсени баштаганда эмне документ керек экенин билбей калабыз, таанышыңдан же тажрыйбалуу бирөөлөрдөн сурайсың. Бардык кагаздын тизмеси ушул реестрде болсо жакшы болмок. Мамлекеттик кызматта иштегендер ишкердин маалыматы жок болсо, манипуляция жасашы мүмкүн. Мисалы, уруксат кагаз оңой эле алына турган болсо, атайылап оорлоштуруп, же убактысын создуктуруп, аны чечүү үчүн ыраазычылык катары бир нерсе сунуштай тургандай шарт түзүп коюшу мүмкүн. Ошондой болбошу үчүн электрондук маалымат базасы абдан зарыл.

Электрондук порталда экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү, уруксат кагаздарынын тизмеси, аны узартуунун жолдору, лицензия алуу, тийиштүү мамлекеттик органдардын байланыштары сыяктуу маалыматтарды табууга болот.

Программаны иштеп чыгуучулардын айтымында, кийинчерээк ушул реестр аркылуу эле уруксат документтери бериле турган болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM