Биз менен байланышыңыз

Быйыл чет элдик туристтер үчүн бир катар жеңилдетүүлөр киргизилди

Коом , Экономика | 14 Июн 2022 | 1852 | 0

Быйыл Кыргызстанга чет элден туристтердин жылдагыдан көбүрөөк келери болжолдонууда. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Туризм департаменти атайын план-программаларды иштеп чыкты. Ошондой эле быйыл Кыргызстанга келе турган туристтер үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Мындан сырткары жакында түзүлгөн «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фонду өз багыты боюнча ишин баштады. 

Өлкөдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы 13-14-май күндөрү өттү. Сезонду ачуу алдында Туризм департаментинин директору Самат Шатманов аймактарды кыдырып, туристтик абал менен таанышып чыкты. Анын айтымында, департамент облустардагы ар бир эс алуучу жайдын жумушчуларына тейлөө кызматын көрсөтүү, туристтерге аяр мамиле жасоо боюнча окутууларды өткөргөн.

«Жайкы сезонду ачуу алдында ар бир аймакты кыдырдык. Туристтик сезонго кандай даярдыктар жүрүп жатканын текшердик. Бул боюнча элге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүздүк. Ошондой эле бул маселенин алкагында акимчиликтер, облус жетекчилери жана министрлик менен биргеликте комплекстүү иштерди жасап жатабыз. Туристтер үчүн бир топ жеңилдетүүлөрдү киргиздик. 1-майдан тарта жалпы туристтер үчүн Кыргызстан алгоритмди алып салды. Бүгүнкү күндө чек аралар ачылды. ПЧР-тест, вакцинасыз кирүүгө уруксат берилди».

Департаменттин директору Шатманов туристтердин коопсуздугу үчүн аймактарга тез жардам жана туристтик милиция кызматын киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Мындан сырткары ал жакынкы арада заманбап үлгүдөгү дааратканалар салына баштаарын белгиледи.

«Туристтердин көп агымы болгон облустарга атайын кошумча күчтөрдү: тез жардам, милиция, ӨКМдин бригадаларын жөнөтүүгө азыр иш пландарыбыз бар. Ал эми даараткана меселеси боюнча айтсак, атайын туризмди өнүктүрүү жана колдоо боюнча ачык акционердик коом түзүлдү. Бүгүнкү күндө курулчу жерлер аныкталып бүттү. 3-4 долбоор бар. Ошонун негизинде комиссия тандаса эле куруу иштери башталат».

Эки ай мурун туризмди өнүктүрүүнү колдоо максатында мамлекеттик фонд түзүлгөн. Мекеменин эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев учурда фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырып жатканын маалымдады.

«Өткөн жумада биз Индияга бардык. Иш-чара Нью-Дели менен Мумбайда өттү. Ал жакта өнөктөштөрүбүз бар. Алар атайын виза борборун ачышты. Визаны жеңилдетүү жолдору менен иштеп жатышат. Кыргызстандын тур-пакеттерин сунуштап, сата башташты. Эки тараптуу келишимге ылайык, 10 миңге чейин турист тартылат. Фонддун учурда кыркка жакын долбоору бар. Алардын көпчүлүгү инфраструктураны оңдоо боюнча».

Туризм департаментинин маалыматына таянсак, Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ, Араб, Европа өлкөлөрүнөн келет.  Бүгүнкү күндө мамлекетке 67 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат.

«Жөө туризм» бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов быйыл Кыргызстанга альпинисттер азыраак келиши мүмкүн деген ойдо. Себеби Орусия-Украинадагы согуш саякаттоого да кедергисин тийгизди.

«Бизге көбүнчө тоого, табиятка келген туристтер көп. Көбүнчө Австрия, Швейцария, Англия, Германиядан келишет. Быйыл бир аз солгунураак. Украинадагы абал да таасирин тийгизип жатат. Англиядан келе турган туристтер: «Кара деңизден учуп өтүү кооптуу», — деп ачык эле айтышты. «Биз барбайбыз», — дешти. Бирок ага карабай келип жаткандар бар. Бирок азыраак».

Ал эми Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Дамир уулу тейлөө кызматынын сапатын жогорулатуу үчүн мамлекет келген эс алуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Туризм жаатындагы тейлөө кызматын жакшыртуу үчүн мамлекет медициналык жардам көрсөтүү, элди куткаруу сыяктуу кызматтарды кескин көбөйтүшү керек. Ошол жактарга мамлекет көбүрөөк көңүл бурушу керек. Ошого керектүү шаймандарды алып бериши керек. Ал жерде кызмат өтөп жаткандардын маянасын да көтөрүшү керек. Себеби канчалык мотивация берилсе, ошончолук жакшы иштеп, кызматын жакшы көрсөтөт».

Өлкөнүн туристтик каттамдарына 68 эс алуу бекетин куруу мерчемделүүдө. Анын 21и быйыл салынса, калганы кийинки жылдардан ишке ашырылары маалымдалды. Узак сапарга чыккан туристтердин жолдогу бекеттерге токтоп, телефонун кубаттап, жуунуп-чайынып, жеңил тамактанып алуусуна шарт түзүлөт.

Дүйнөлүк банктан гранттык негизде түшкөн каражатка Ысык-Көлгө беш туристтик борбор быйыл август айында курула баштайт.

2021-жылы Кыргызстанга жалпысынан 4 миңге жакын чет элдик турист келген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөгө келе турган туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданият тартуулоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM