Биз менен байланышыңыз

Быйыл Индиядан 10 миңдей туристтин келиши күтүлүүдө

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 295 | 0

Быйыл Кыргызстанга Индиядан келген туристтердин саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Индиялык туристтердин агымын көбөйтүү багытында иштеп жаткан Salvia promoters компаниясы менен меморандумга кол коюлду.

Божомолдор боюнча Индиядан келген туристтердин саны быйыл 10 миң адамга чейин көбөйөт.

7-8-июнь күндөрү Нью-Дели жана Мумбай шаарларында роуд-шоу өткөрүлүп, анын алкагында ири туристтик компаниялар жана инвесторлор менен жолугушуулар өтүүдө. Анда Кыргызстан менен биргеликте ишке ашырыла турган туристтик долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Алсак, медициналык туризм жана санитардык-курорттук комплексти өнүктүрүү, Кыргызстанда RestPoint тармагын куруу, Бишкек-«Манас» аэропорту-Ысык-Көлдүн ортосунда үзгүлтүксүз байланышты ишке киргизүү, Каракол, Раззаков шаарларындагы аэропортторду реконструкциялоо жана башкалар.

Учурда Индияга 2,5 саатта учууга болот, буга чейин Бишкек менен Нью-Дели ортосунда чартердик рейс ачылган, аны Aeronomad авиакомпаниясы тейлейт. Келечекте авиакаттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары, виза маселеси да талкууланат. Индиялык туристтер Кыргызстанга эки жумага визасыз келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эгер саякат узак мөөнөткө керек болсо, Нью-Делидеги виза борборун ачуу пландалууда.

Ал эми кыргызстандык туроператорлор Индиядан келген туристтер үчүн атайын сунуштарды даярдап жатышат.

Кыргызстанда туристтердин эң көп агымы салттуу түрдө жай мезгилине туура келет, бирок Индия тарап бардык мезгилдерге, анын ичинде кышкы жана күзгү турларга кызыкдар. Бул жерде майрамдарды өткөрүү, үйлөнүү үлпөттөрүн ойнотуу, жадакалса клип, тасма тартуу популярдуу болуп баратат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM