Connect with us

Путин чокусуна илинген Украинанын желеги алмаштырылды

Кыска кабар | 27 Май 2022 | 608 | 0

Путин чокусуна илинген Украинанын желеги алынып, Кыргызстандын желеги коюлду.

Маалыматтарга караганда, 26-майда Кыргызстандын альпинизм федерациясынын өкүлдөрү чокуга чыгып, желектерди алмаштырган.

Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинанын желеги илингени тууралуу буга чейин социалдык тармакта видео тараган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ал эми ал видеону тарткан альпинистер милицияга суракка чакырылган.

Белгилей кетсек, Путин чокусу Ак-Суу капчыгайында жайгашкан. Бийиктиги 4446 метрди түзөт.

2011-жылы чокунун аталышы Орусиянын президенти  Владимир Путиндин урматына коюлган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM