Биз менен байланышыңыз

Футбол U-16: Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши болот

Кыска кабар , Спорт | 20 мая 2022 | 338 | 0

Бүгүн, 20-майда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-16) Борбордук зонадагы командалар арасындагы Азия чемпионатында финалдык беттешин өткөрөт.

Турнир ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) 5 команданын катышуусунда өтүп жатат.

CAFA U16 Championship 2022 финалдык турунда кыргызстандын командасы Өзбекстандын командасы менен беттешет.

Финалдык турга чейин Кыргызстандын курама командасы 1 упайга ээ болуп, турнирдик таблицада акыркы 5-орунда, Өзбекстан 7 упайга ээ болуп, Иран менен 1-орунду бөлүшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM