Биз менен байланышыңыз

20-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 315 | 0

Эртең, 20-майда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт , күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн . Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM