Биз менен байланышыңыз

Баткенде сел эгин талааларын каптап, малды агызып кетти

Кыска кабар | 19 мая 2022 | 542 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында 11-майда саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Бөжөй айылында сел жүрүп, 7-чакырым ички чарбалык унаа жолду ар жеринен бузуп, турак үйлөрдүн короолорун жана эгин талааларын каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ушул эле айылда 260 даана габион торчолорун жууп кетип, 11 бодо малды, 16 майда малды агызып кеткен.

Ал эми Кара-Токой айылында 600 м ички чарбалык жолду, 12,5 га эгин талааларын жана 60 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Жергиликтүү тургундардан 50 адам, 1 жүктөгүч тартылып, 18-май күнү сел өтүүчү сайдын 300 метр аралыгы тазаланган, иштер 19-май күнү улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM