Биз менен байланышыңыз

Футбол U-16: Бүгүн Кыргызстан менен Ирандын командалары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 16 мая 2022 | 526 | 0

Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионатында Кыргызстандын жаштар курамасы (U-16) 2 беттеш өткөрдү.

Биринчи айлампада Кыргызстандын командасы Ооганстан менен тең чыгып (1:1), экинчи айлампада Тажикстандын командасына 0:2 эсебинде утулуп калды.

Бүгүн, 16-майда U-16  (16 жашка чейинки жаштар курама командалары арасындагы) Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатынын кезектеги турунун оюндары болот. Анда Кыргызстан-Иран Бишкек убактысы боюнча кечки саат 19:00 дө беттешет. Ал эми Тажикстан-Ооганстан оюну саат 22:00 дө башталат.

Белгилей кетсек, турнир бир айлампада айланма системада өтөт. Эң көп топтогон упай менен жеңүүчү команда аныкталат.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын футбол курамасы 4 упай менен алдыда келе жатат, Тажикстан 3 упай, Иран, Кыргызстан жана Ооганстан бирден упайга ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM