Биз менен байланышыңыз

14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 13 мая 2022 | 404 | 0

Эртең, 14-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…10, күндүз 15…20;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM